Забур 78:1—72

  • Кудай ысрайыл элине кам көргөн, бирок эл ага ишенген эмес

    • «Келерки муунга айтып беребиз» (2—8)

    • «Алар Кудайга ишенишкен эмес» (22)

    • «Асмандан азык берген» (24)

    • «Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен» (41)

    • Мисирден Убада кылынган жерге (43—55)

    • Алар Кудайды «сынай беришкен» (56)

Маскил. Асаптын+ ыры. 78  Оо, элим, акыл-насаатыма* кулак сал,Оозуман чыга турган сөздөргө кулак төшө.  2  Оозуман накыл сөздөр чыгат,Байыркы табышмактар куюлат.+  3  Уккан-билгендерибизди,Ата-бабаларыбыздын айтып бергендерин,+  4  Алардын урпактарынан жашырбайбыз. Жахабанын мактоого татыктуу иштери менен күчү жөнүндө,+Жасаган ажайып иштери жөнүндө+Келерки муунга айтып беребиз.+  5  Ал Жакыптын урпактарына осуят,Ысрайылдын урпактарына мыйзам берген;Ошол нерселерди балдарына айтып берүүнүАта-бабаларыбызга буйрук кылган.+  6  Аларды келерки муун,Төрөлө турган балдары билиши үчүн ошондой буйрук кылган.+ Балдары болсо өз балдарына айтып бермек.+  7  Ошондо алар Кудайга таянышмак. Кудайдын иштерин унутпай,+Осуяттарын аткарышмак.+  8  Ошондо ата-бабаларынан айырмаланып,Өжөр, козголоңчул муун болушмак эмес,+Оюн өзгөртө берген,Кудайга берилгендигин сактабаган муун болушмак эмес.+  9  Эпрайымдын урпактары жаа менен куралданышса да,Салгылаш күнү артка чегинишкен. 10  Алар Кудай менен түзгөн келишимин сакташкан эмес,+Анын Мыйзамын аткаргандан баш тартышкан.+ 11  Анын эмнелерди кылганын,Көрсөткөн ажайып иштерин да унутуп коюшкан.+ 12  Кудай алардын ата-бабаларынын көзүнчөМисир* жеринде, Соанда+ кереметтерди көрсөткөн.+ 13  Деңизди экиге бөлүп, ата-бабаларын өткөргөн,Сууну дубалдай кылып тургузган.+ 14  Күндүз аларды булут менен,Түнү бою оттун жарыгы менен жетектеген.+ 15  Чөлдөн аскаларды жарып,Чоң суудан ичиргендей алардын суусунун кандырган.+ 16  Зоокадан суу чыгарган,Сууну дайрадай агызган.+ 17  Бирок алар чөлдө Эң Жогорку Кудайга каршы козголоң чыгарып,+Анын алдында күнөөгө бата беришкен; 18  Өздөрү эңсеген тамагын талап кылып,Жүрөктөрүндө Кудайды сынашкан.+ 19  Ошондуктан: «Чөлдө Кудай бизге тамак бере алмак беле?» — деп,Ага каршы сүйлөшкөн.+ 20  Ал асканы чапканда,Суулар агып, суу агымдары оргуштаган.+ Алар болсо: «Ал бизге нан да бере алабы? Элин этке тойгуза алабы?» — дешкен.+ 21  Муну укканда Жахаба катуу каарданган,+Жакыптын урпактарына от түшүргөн,+Ысрайылга жаалын чачкан.+ 22  Анткени алар Кудайга ишенишкен эмес,+Анын сактап кала аларына ишенишкен эмес. 23  Ошон үчүн Кудай булуттуу асманга буйрук берип,Асман эшиктерин ачкан. 24  Элине жегенге манна жаадырып турган,Асмандан азык* берген.+ 25  Адамдар кубаттуулардын*+ нанын жешкен,Кудай аларга тоюшунча азык берген.+ 26  Асмандан чыгыш шамалын,Күчүн колдонуп түштүк шамалын соктурган.+ 27  Аларга этти чаңдай,Канаттууларды деңиз кумундай көп кылып жаадырган. 28  Ал канаттууларды өз конушуна,Чатырларынын айланасына түшүргөн. 29  Алар ашыра тоюшкан,Кудай аларга каалаганын берген.+ 30  Бирок алар оозундагысын жута электе,Көксөөсүн кандыра электе, 31  Кудай аларга каарын төккөн.+ Эң күчтүүлөрүн өлтүргөн,+Ысрайылдын эр-азаматтарын сулаткан. 32  Ошого карабай алар ого бетер күнөө кыла беришкен,+Анын ажайып иштерин көрүшсө да, ишенишкен эмес.+ 33  Ошон үчүн Кудай алардын тек гана дем сыяктуу болгон өмүр күндөрүн соңуна чыгарган,+Капыстан кырсыкка кабылтып, өмүр жылдарын аягына чыгарган. 34  Кудай айрымдарын өлтүргөн сайын, алар андан ырайым кылышын суранышкан,Кайрадан ага кайрылып, аны издешкен.+ 35  Себеби Кудай алардын Аска-зоосу экенин,+Эң Жогорку Кудай кун төлөп Куткаруучусу* экенин эстешкен.+ 36  Бирок аны оозу менен алдап,Тили менен калп айтканга аракет кылышкан. 37  Ага бүт жүрөгү менен берилишкен эмес,+Аны менен түзгөн келишимин сакташкан эмес.+ 38  Бирок Кудай кайрымдуулук кылган,+Күнөөлөрүн кечирген, аларды кырып таштаган эмес,+Аларга бүт жаалын чачпай,Көп жолу каарын кайт кылган.+ 39  Себеби алардын тек гана пенде экенин,+Согуп өтүп, кайра кайрылып келбей турган жел* экенин унуткан эмес. 40  Алар ээн талаада ага каршы канча жолу козголоң чыгарышкан,+Чөлдө канча жолу көңүлүн оорутушкан!+ 41  Кудайды кайра-кайра сынашкан,+Ысрайылдын Ыйыгын кейитишкен. 42  Анын кудуреттүү күчүн,Душмандан куткарган күнүн унутуп коюшкан.+ 43  Мисирде көрсөткөн жышаандарын,+Соанда жасаган кереметтерин, 44  Мисирликтер суу иче албай калышы үчүн,Нилдин чоң арыктарындагы сууну канга айлантканын унутуп коюшкан.+ 45  Кудай аларды чактырыш үчүн уюлгуган көгөөндөрдү,+Жүдөтүп кыйнаш үчүн бакаларды жиберген.+ 46  Түшүмүн бүт баарын мойсогон чегирткелерге,Мээнетинин үзүрүн уюлгуган чегирткелерге берген.+ 47  Жүзүмүн мөндүр менен,+Анжир дарактарын добул* менен талкалаган. 48  Жүк ташыган жаныбарларын мөндүр менен,+Малын катуу чагылган* менен кырган. 49  Аларга кайнаган каарын төккөн,Заарданып, ачууланып, алаамат түшүргөн,Кыйратыш үчүн периштелердин кошуунун жиберген. 50  Аларга жаалын чачкан. Өлүмдөн сактап калган эмес,Жугуштуу оору каптаткан. 51  Акырында Мисирдеги бардык тун балдарды,+Хамдын чатырларындагы туңгучтарды кырган. 52  Анан өз элин Мисирден алып чыгып,Чөлдө отордогу койлордой кылып жетектеп жүргөн.+ 53  Жол көрсөтүп, коргоп жүргөн,Алар эч нерседен коркушкан эмес,+Душмандарын болсо деңиз басып калган.+ 54  Анан Кудай өз элин ыйык жерине,Күчү менен басып алган ушул тоолуу аймакка алып келген.+ 55  Башка элдерди алардын алдынан кууп чыккан,+Аларга өлчөп, мурас бөлүп берген,+Ысрайылдын урууларын үйлөрүнө отурукташтырган.+ 56  Бирок алар Эң Жогорку Кудайга каршы чыгып, аны сынай беришкен,+Эскертүүлөрүнө көңүл бурушкан эмес.+ 57  Ата-бабаларына окшоп, андан баш тартып, ишенимсиздик кылышкан.+ Кылы бошоп калган жаадай ишеничтүү эмес болуп калышкан.+ 58  Бийик жерлерде жалган кудайларга сыйынып, Кудайга акарат кыла беришкен,+Аны оюлуп жасалган буркандары менен каардантышкан*.+ 59  Кудай муну көрүп каарданган,+Ысрайылды толук четке каккан. 60  Акырында Шилодогу ыйык чатырды,+Пенделердин арасындагы өзү жашаган чатырын таштап кеткен.+ 61  Душмандын сандыкты* алып кетишине,Өзүнүн күчү менен даңкын билдирген нерсени алып кетишине жол берген.+ 62  Элин кылыч мизине алдырган,+Аларга каарданган. 63  Жигиттерин от жалмаган,Кыздарына үйлөнүү үлпөтүндөгү ырларды ырдашкан эмес. 64  Дин кызматчылары кылычтан кырылган,+Аялдары аларды жоктоп ыйлаган эмес.+ 65  Ошондо Жахаба уйкудан ойгонгондой ойгонгон,+Шараптан соолуккан жоокердей ойгонгон.+ 66  Анан душмандарын артка качырган,+Аларды түбөлүккө маскара кылган. 67  Ал Жусуптун урпактарын* четке каккан. Эпрайым уруусун тандаган эмес. 68  Анын ордуна, Жүйүт+ уруусун,Өзү сүйгөн Сион тоосун тандап алган.+ 69  Ыйык жайын асмандай түбөлүктүү,+Өзү түбөлүккө түптөгөн жердей кылымдар бою тура тургандай кылган.+ 70  Кызматчысы Дөөтүнү тандап,+Кой короолордон алып чыккан,+ 71  Козулуу койлорду багып жүргөн жеринен алып чыккан. Анан аны койчу кылып, ага эли Жакыпты,Менчиги Ысрайылды кайтартып койгон.+ 72  Дөөтү аларды чын жүрөктөн кайтарып,+Мыкты жетектеген.+

Шилтемелер

Же: «мыйзамыма».
Египет.
Же: «Асмандын данын».
Же: «периштелердин».
Же: «Эң Жогорку Кудай Өч алуучусу».
Же балким: «Өтүп кеткенден кийин кайрылып келбей турган рух».
Мөндүр.
Же балким: «калтыратма».
Же: «кызгантышкан».
Сыягы, келишим сандыгын билдирет.
Сөзмө-сөз: «чатырын».