Матай 24:1—51
-
МАШАЯКТЫН КАЙТЫП КЕЛИШИНИН БЕЛГИСИ (1—51)
24 Иса ибадатканадан чыгып баратканда, шакирттери ибадаткананын имараттарын көрсөтүш үчүн жанына келишти.
2 Ошондо Иса аларга: «Булардын баарын көрүп жатасыңарбы? Ишенип койгула, бул жерде таш үстүндө таш калбайт, баары кыйратылат»,— деди.+
3 Ал Зайтун тоосунда отурганда, шакирттери жанына барып: «Айтсаң, бул качан болот? Сенин кайра келгениңди*,+ бул замандын* аяктап баратканын кайсы белгиден билсек болот?» — деп сурашты.+
4 Иса аларга мындай деп жооп берди: «Сак болгула, силерди бирөө адаштырып кетпесин.+
5 Анткени көптөр менин атыман келип: „Мен Машаякмын“,— деп далайларды адаштырат.+
6 Ар кайсы жерлерде согуш жүрүп жатканын угасыңар. Ошондо үрөйүңөр учпасын, себеби булардын баары болушу керек. Бирок бул азыркы замандын акыры келгенин билдирбейт.+
7 Бир эл бир элге, бир падышалык бир падышалыкка каршы көтөрүлөт,+ жер-жерлерде ачарчылык,+ жер титирөө болот.+
8 Мунун баары кыйын мезгилдин* башталганын билдирет.
9 Ошол убакта силерди кыйнашат,+ өлтүрүшөт.+ Мен* үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.+
10 Ошондой эле көптөр Кудайдан алыстап кетет, бири-бирине чыккынчылык кылат, бири-бирин жек көрөт.
11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар чыгып, далайларды адаштырат.+
12 Ыймансыздык* күч алгандыктан, көбүндө сүйүүнүн илеби кайтат.
13 Бирок туруктуу болуп, акырына чейин чыдаган адам куткарылат.+
14 Бардык элдер угушу үчүн, Кудайдын Падышалыгы жөнүндөгү бул жакшы кабар дүйнө* жүзү боюнча таратылат.+ Ошондон кийин бул замандын акыры келет.
15 Ошентип, Даниел пайгамбар аркылуу айтылгандай, кыйрата турган жийиркеничтүү нерсенин ыйык жайда турганын көргөнүңөрдө+ (окуган киши баамдай билсин),
16 Жүйүт жериндегилер тоого качсын.+
17 Ким үйдүн үстүндө болсо, буюмдарын алыш үчүн үйүнө кирбесин.
18 Ким талаада болсо, кийимин алыш үчүн үйүнө кайтып барбасын.
19 Ошол күндөрү кош бойлуу аялдар менен эмчекте баласы барларга кыйын болот!
20 Кача турган күнүңөр кышка же дем алыш күнгө туш келип калбасын деп тиленгиле.
21 Анткени ошондо адамзат дүйнөсү жаралгандан бери ушул убакка чейин боло элек, кийин да болбой турган+ улуу алаамат болот.+
22 Эгерде Кудай ал күндөрдү кыскартпаса, эч ким куткарыла албайт. Бирок Кудай, өзү тандап алгандар куткарылышы үчүн, ал күндөрдү кыскартат.+
23 Ошол убакта кимдир бирөө силерге: „Мына, Машаяк бул жерде!“+ же „Тигил жерде!“ — десе, ишенбегиле.+
24 Себеби жалган Машаяктар, жалган пайгамбарлар+ чыгат. Алар атүгүл Кудай тандап алган адамдарды да адаштырыш үчүн улуу жышаандарды, кереметтерди көрсөтүшөт.+
25 Мен бул тууралуу силерге алдын ала эскертип жатам.
26 Ошондуктан, эгерде силерге Машаяк жөнүндө: „Мына, ал чөлдүү аймакта жүрөт“,— дешсе, ал жакка барбагыла; „Ал ички бөлмөдө“,— дешсе, ишенбегиле.+
27 Чагылган чыгышта жарк этип, батышка чейин көрүнгөндөй эле, адам Уулунун кайра келгени да ошондой болот.+
28 Өлүк каерде болсо, бүркүттөр* ошол жерге чогулат.+
29 Ошол күндөрдөгү алааматтан кийин заматта күн караңгылап,+ ай жарыгын бербей калат. Асмандан жылдыздар түшүп, асмандагы кубаттуу нерселер солкулдайт.+
30 Ошондо асмандан адам Уулунун жышааны көрүнөт, жердеги бардык элдер төшүн ургулап боздошот.+ Алар адам Уулунун+ асмандагы булуттардын үстүндө күч-кубат, улуу даңк менен* келатканын көрүшөт.+
31 Ал периштелерин жиберет. Алар катуу тартылган сурнайлардын коштоосунда төгөрөктүн төрт бурчунан, асмандын бир учунан экинчи учуна чейин анын тандап алгандарын чогултушат.+
32 Мисал катары анжир дарагы жөнүндө ойлонуп көрсөңөр: анын жаш бутактары өсүп чыгып, жалбырактары пайда болгондо, жайдын жакындап калганын билесиңер.+
33 Ошо сыяктуу эле, булардын баарын көргөнүңөрдө адам Уулунун жакындап калганын, босогодо турганын билгиле.+
34 Ишенип койгула, ушулардын баары бул муун өтүп кеткенче аткарылат.
35 Асман менен жер* жок болуп кетет, бирок менин сөздөрүм жок болбойт.+
36 Ал күндү жана саатты эч ким:+ асмандагы периштелер да, Кудайдын Уулу да билбейт, Атам гана билет.+
37 Нухтун күндөрүндө кандай болсо,+ адам Уулу кайра келгенде да ошондой болот.+
38 Топон суунун алдында, Нух кемеге кирген күнгө чейин,+ адамдар ичип-жешкен, аял алышкан, күйөөгө тийишкен.
39 Топон суу каптап, баарын жок кылганга чейин,+ ойлонушкан эмес. Адам Уулу кайра келгенде да ошондой болот.
40 Ошондо талаада жүргөн эки кишинин бири алынат, бири калтырылат.
41 Жаргылчак тартып отурган эки аялдын бири алынат, бири калтырылат.+
42 Ошондуктан сергек болгула, анткени Мырзаңардын кайсы күнү келерин билбейсиңер.+
43 Эсиңерде болсун, үй ээси уурунун кайсы убакта* келерин билсе,+ сергек болуп, ага эч нерсесин уурдатпайт.+
44 Андыктан силер да даяр болгула,+ себеби адам Уулу силер күтпөгөн саатта келет.
45 Кожоюну өзүнүн үйүндөгүлөрүнө өз убагында тамак берип турганга дайындаган ишенимдүү жана акылдуу кул ким?+
46 Кожоюну кайтып келип, кулунун тапшырылган ишти аткарып жатканын көрсө, ал кул бактылуу!+
47 Ишенип койгула, кожоюну аны өзүнүн бүт мүлкүнө жооптуу кылып дайындайт.
48 Бирок ал кул жаман чыгып: „Кожоюнум жакында келбейт“,— деп ойлоп,+
49 башка кулдарды уруп-сабап, аракечтер менен ичип-жей баштаса,
50 кожоюну ал күтпөгөн күнү, ал күтпөгөн саатта келет да,+
51 аны катуу жазалап, эки жүздүүлөрдүн жанына таштайт. Ал ошол жакта ыйлап, тишин кычыратат.+
Шилтемелер
^ Сөзмө-сөз: «толгоонун».
^ Сөзмө-сөз: «Менин ысмым».
^ Сөзмө-сөз: «Мыйзамсыздык». Тактап айтканда, Кудайдын мыйзамдарын баркка албагандык.
^ Сөзмө-сөз: «эл отурукташкан жер».
^ Бүркүттүн кээ бир түрлөрү тарп жейт.
^ Же: «улуу күч-кубат жана даңк менен».
^ Бул жерде, сыягы, бул ыймансыз дүйнө жөнүндө, тактап айтканда, анын башкаруучулары менен адамзат коому жөнүндө сөз жүрүп жатат.
^ Же: «түндө кайсы маалда».