Накыл сөздөр 20:1—30
20 Шарапты көп ичкен шылдыңчыл,+ ичкиликти көп ичкен ээн баш болот,+Ичкиликке мас болуп туура эмес иш кылгандын акылы жок.+
2 Падышанын сүрү* арстандын* арылдаганындай,+Анын каарына калгандар өмүрүн тобокелге салат.+
3 Талаш-тартыштан оолак болгон киши урмат-сыйга татыктуу,+Ал эми акылсыз киши талаш-тартышка жакын.+
4 Жалкоо суук деп учурунда жер айдабай коёт да,Оруп-жыюу маалында эч нерсеси жок калып тилемчилейт*.+
5 Адамдын жүрөгүндөгү ойлор* — терең суулар,Бирок кыраакы киши аларды сузуп алат.
6 Көптөр сүйүүсү туруктуу экенин жар салат,Бирок чындап ишеничтүү кишини ким таба алат?
7 Адил киши кынтыксыз жүрөт;+Анын артында калган балдары бактылуу.+
8 Падыша элди соттош үчүн тактысына отурганда+Көзү менен баарын электен өткөрүп, жамандыкты аныктай билет.+
9 «Мен жүрөгүмдү тазаладым,+Күнөөм жок»,— деп ким айта алат?+
10 Так эмес тараза да, так эмес өлчөгүч да* —
Экөө тең Жахаба үчүн жийиркеничтүү.+
11 Атүгүл баланын деле жүрүм-туруму таза, туура экениКылган иштеринен билинет.+
12 Уккан кулакты да, көргөн көздү да —
Экөөнү тең Жахаба жараткан.+
13 Уйкуну жакшы көрбө, болбосо жакырданасың.+
Уктаба, ошондо нанды тоё жейсиң.+
14 Кардар: «Мунуң начар экен, анча эмес экен!» — дейт да,Ары басары менен кыйын соодалашканын, жакшы алганын айтып мактанат.+
15 Адамда алтын, көп маржан болушу мүмкүн,Бирок акылдуу сөздөрдү сүйлөгөн ооз алардан алда канча баалуу.+
16 Башка бирөө үчүн кепилдикке өткөндүн кийимин алып кал,+Эгер ал бөтөн жерлик аял үчүн* кепилдикке өтсө, күрөөгө бир нерсе алып кал.+
17 Алдамчылык менен тапкан наны адамга таттуу сезилет,Бирок кийин андай адамдын оозу шагылга толот.+
18 Ой-максат кеңешкенде ишке ашат;+Согушту жакшы жетекчилик алдында жүргүз.+
19 Жалаачы купуя сырды ачат;+Ушакты жакшы көргөн* киши менен мамилелешпе.
20 Ким ата-энесин каргаса,Чырагы күүгүм киргенде өчөт.+
21 Ач көздөнүп, арам жол менен алган мураскаКудай баары бир деле батасын бербейт.+
22 «Жамандыкка жамандык кылам!» — дебе.+
Жахабага үмүт арт,+ ошондо ал сени коргойт.+
23 Так эмес тараза ташы* Жахаба үчүн жийиркеничтүү,Так эмес тараза да жакшы эмес.
24 Кишинин кадамын Жахаба багыттайт,+Болбосо пенде кайсы жолго түшүштү кантип баамдай алат?
25 «Бул ыйык!»+ — деп шаша-буша кыйкырып коюп,Андан кийин гана анты жөнүндө ойлонгону — адам үчүн тузак.+
26 Акылман падыша бузукуларды эгиндей сапырат,+Эгин бастыргыч менен эгиндей кылып бастырат.+
27 Адамдын айткан ойлору* — Жахабанын чырагы,Ал чырак адамдын ички дүйнөсүн айкын кылат.
28 Туруктуу сүйүүсү менен берилгендиги падышаны коргойт,+Ал туруктуу сүйүүсү менен өз тактысын бекемдейт.+
29 Жаштардын даңкы — күч-кубаты,+Ал эми карылардын көркү — буурул чачы.+
30 Көк ала тактар менен жарааттар жаман иштерден арылтат,+Сокку ички дүйнөнү тазартат.
Шилтемелер
^ Же: «каары».
^ Же: «жалы бар жаш арстандын».
^ Же балким: «Оруп-жыюу маалында түшүм күтөт, бирок эч нерсе таппайт».
^ Же: «ой-ниети».
^ Же: «Таразанын эки башка ташы да, эки түрлүү өлчөгүч да».
^ Же: «бөтөн жерлик үчүн».
^ Же: «Алдап-адаштырган».
^ Же: «Таразанын эки түрлүү ташы».
^ Же: «оозунан чыккан деми».