6-СУРОО
Машаяк тууралуу эмнелер алдын ала айтылган?
АЛДЫН АЛА АЙТЫЛЫШЫ
«Оо, Бетлехем Эфрата,.. сенден Ысрайылда менин эркимди аткара турган башкаруучу... чыгат»
АТКАРЫЛЫШЫ
«Ирод падышанын убагында Жүйүт жериндеги Бетлехем шаарында Иса төрөлгөндөн кийин, Иерусалимге чыгыштан жылдыз төлгөчүлөр келишти»
АЛДЫН АЛА АЙТЫЛЫШЫ
«Алар кийимдеримди өз ара бөлүп алып жатышат, кийимим үчүн өкчөмө таш ыргытып жатышат»
АТКАРЫЛЫШЫ
«Жоокерлер Исаны устунга кадагандан кийин сырт кийимин алып, төрткө бөлүштү... Алар ички кийимин да алышты. Бирок ал тигилген эмес, башынан аягына чейин токулган кийим эле. Ошондуктан бири-бирине: „Муну айрыбай эле коёлу. Андан көрө, өкчөмө таш ыргытып, кимибизге тиерин көрөлү“,— дешти»
АЛДЫН АЛА АЙТЫЛЫШЫ
«Ал анын сөөктөрүнүн баарын сактайт, бири да сынбайт»
АТКАРЫЛЫШЫ
«Исанын жанына барып, анын өлүп калганын көрүшкөндүктөн бутун сындырышкан жок»
АЛДЫН АЛА АЙТЫЛЫШЫ
«Ага биздин кылмыштарыбыз үчүн найза сайылды»
АТКАРЫЛЫШЫ
«Жоокерлердин бири Исаны найза менен капталга сайды. Ошол замат денесинен кан менен суу чыкты»
АЛДЫН АЛА АЙТЫЛЫШЫ
«Алар акыма 30 күмүш тыйын беришти»
АТКАРЫЛЫШЫ
«Ошондон кийин 12 элчинин бири Жүйүт Искариот жогорку дин кызматчыларга барып: „Аны колуңарга салып берсем, эмне бересиңер?“ — деди. Алар ага 30 күмүш тыйын сунуш кылышты»