5-СУРОО
Ыйык Китепте кандай кабар камтылган?
«Аял экөөңөрдү, сенин тукумуң менен анын тукумун касташтырам. Сен аялдын тукумунун согончогун чагасың, ал болсо башыңды жанчыйт»
«Тилимди алганың үчүн, сенин тукумуң аркылуу жер жүзүндөгү бардык элдер бата алат»
«Падышалыгың келсин. Асмандагыдай эле, жерде да сенин эркиң аткарылсын»
«Тынчтыктын булагы болгон Кудай жакында Шайтанды бут алдыңарга жыгып, ойрон кылат»
«Баары Уулуна баш ийдирилгенден кийин, Уулу өзү да ага баарын баш ийдирген Кудайга баш иет. Ошентип, Кудай баарынын жалгыз Башкаруучусу болот»
«Кудай Ыбрайым менен анын тукумуна убадаларды берген... Ошол тукум — Машаяк. Мындан тышкары, Машаяктын жолдоочусу болгон соң силер, чын эле, Ыбрайымдын тукумусуңар»
«Кудайыбыз менен анын Машаягынын Падышалыгы бүт адамзатты башкара баштады. Ал түбөлүктөн түбөлүккө падышалык кылат»
«Ошентип, бүт жер жүзүн адаштырып жүргөн байыркы жылан, Ибилис жана Шайтан деп аталган чоң ажыдаар, жерге кулатылды, аны менен кошо периштелери да кулатылды»
«Ал ажыдаарды — Ибилис жана Шайтан делген байыркы жыланды — кармап, 1 000 жылга чынжырлап койду»