Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 10-ОКТЯБРЬ
ЖАПОНИЯ

«Трами» тайфуну Жапонияга сокку урду

«Трами» тайфуну Жапонияга сокку урду

2018-жылдын 30-сентябрында, жекшемби күнү кечинде катуу шамал жана нөшөрлөгөн жаан менен коштолгон 1-категориядагы «Трами» тайфуну Жапониянын түштүк жагынын таш-талканын чыгарган. Тайфун түндүктү көздөй бет алып, 1-октябрда, дүйшөмбү күнү, Токио шаарына жеткенде басаңдап калган. Үч киши каза таап, 200дөй киши жаракат алган жана 1,3 миллиондон ашык үй электр жарыгысыз калган.

Райондук көзөмөлчүлөрдүн билдирүүсү боюнча, Жапониянын түштүгүндөгү Окинава аралы катуу жабыркаган. Окинавадагы үч райондон жана жакыныраак аймактардан башында келген билдирүүлөргө ылайык, бир туугандардын эч кимиси каза болгон эмес. Бирок тогузу жаракат алган. Тайфун Окинава аралындагы бир туугандардын 120дай үйүн жана 5 Падышалык залын талкалаган. Андан тышкары, Жапониянын башка райондорундагы 41 Падышалык залын зыянга учураткан.

Жергиликтүү райондук көзөмөлчүлөр, жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн мүчөлөрү кырсыктан жабыр тарткан бир туугандардын ишенимин бекемдөө, зарыл нерселер менен камсыз кылуу үчүн жана келтирилген зыянды аныктоо үчүн тактоо иштерин жүргүзүүдө.

Биз Жапонияда болгон ушул тайфундан жана башка табигый кырсыктардан жапа чеккен бир туугандарыбыз үчүн мындан ары да тиленип турабыз. Кудуреттүү Кудайыбыздын ал бир туугандарыбызды сооротуп, күч-кайрат бере берерине бекем ишенебиз (2 Тесалоникалыктар 2:17).