Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 2-ОКТЯБРЬ
ИНДОНЕЗИЯ

Жер титирөө менен цунами Индонезиядагы Сулавесинин таш-талканын чыгарды

Жер титирөө менен цунами Индонезиядагы Сулавесинин таш-талканын чыгарды

28-сентябрда, жума күнү, Индонезиядагы Сулавеси аралында кубаттуулугу 7,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Жер титирөөгө куйрук улаш болгон цунами 1 300дөн ашуун кишинин өмүрүн алып кетти. Алардын басымдуу бөлүгү Борбордук Сулавесидеги Палу шаарынан болгон.

Индонезиянын Жакарта шаарындагы филиал кырсык болгон аймактагы 80 жарчынын баары аман-эсен экенин билдирди. Бир нече бир тууган жаракат алган жана ооруканага жаткырылууга муктаж. Бир ишенимдешибиздин үйү талкаланып, бир нечесинин үйүнүн таш-талканы чыгып калды. Палу жыйналышы жолугушууларын өткөрүү үчүн колдонгон имарат да зыян тартты.

Филиалдагы кырсыктан жабыр тарткандарга жардам берүү үстөлү жапа чеккендерди камсыз кылуу ишин уюштуруу үчүн райондук көзөмөлчүлөр жана жакыныраак аймактардагы жыйналыштар менен кызматташууда. Кырсык болгон аймактардагы бир туугандар тамак-ашка, сууга жана башка зарыл нерселерге аябай муктаж болгондуктан, филиал Палу шаарындагы бир туугандарга кам көрүүнү үч жыйналышка тапшырды. Жергиликтүү аксакалдар бир туугандардын Кудай менен болгон мамилесин бекемдеп, сооротуп-жубатып, зарыл нерселер менен камсыз кылууда. Жакында филиалдын комитетинин мүчөсү, жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүнүн көзөмөлчүсү жана ошол аймакка жооптуу райондук көзөмөлчү кырсыктан жабыр тарткан жарчыларга барып, сооротуп-кайраттандырышат.

Биз Индонезиядагы бир туугандарыбыз үчүн тиленип турабыз жана ушул оор учурда Жахаба Кудайдын аларга «баш маана» болуп, күч-кайрат берерине бекем ишенебиз (Забур 46:1).