Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 22-АВГУСТ
АВСТРИЯ

Австрияда нацисстик режимдин курмандыгы болгон 31 Жахабанын Күбөсүн эскерүү аземи өттү

Австрияда нацисстик режимдин курмандыгы болгон 31 Жахабанын Күбөсүн эскерүү аземи өттү

Техельсбергдин мэри Йоханн Кобан мырза (ортодо), Питер Штокер мырза (оңдо), Каринтия штатынын губернатору Питер Кайзер мырза (солдо) Техельсбергде курман болгондорго арналган эстеликтеги жабууну алып жатышат.

ЗЕЛЬТЕРС, Германия. 2017-жылдын 19-майында, эртең менен Австриянын Техельсберг шаарчасында нацисттик режимдин тушунда өлүм жазасына тартылган же концлагерлерге камалган Жахабанын Күбөлөрүнүн урматына эскерүү аземи болуп өттү. Азем учурунда «Техельсбергдеги жана башка жерлердеги 31 Жахабанын Күбөсү национал-социализмдин курмандыгы» болгон деп жарыяланган жана аларга арналып жасалган эстелик көрсөтүлгөн.

Программанын башында 60 ырчы «Алга, Күбөлөр!» деген ырды музыкасыз аткарышкан. Кийинчерээк сөздөрү бир аз өзгөртүлгөн жана дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү сыйынуу үчүн чогулганда ырдап жүрүшкөн ал ырды Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Заксенхаузен концлагеринде отурган, Жахабанын Күбөсү болгон Эрик Фрост чыгарган. Ырдан кийин Йоханн Кобан мырза (Техельсбергдин мэри), Питер Штокер мырза (Техельсбергде курман болгон Грегор Вольфархттын небереси), профессор Питер Гстетнер, профессор Винзенц Жобст жана Питер Кайзер мырза (штаттын губернатору) аземге келген 350 кишинин алдында сөз сүйлөштү. Ал азем Австриянын жаңылыктар түрмөгүн көрсөткөн (ОРФ 2 жана ОРФ Карнтен) эки каналдан көрсөтүлүп, жергиликтүү гезиттерге чыкты.

Профессор Питер Гстетнер аземге келгендердин алдында сөз сүйлөп жатат.

Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Австрияда 550 Жахабанын Күбөсү болгон. Алардын 212си бейтараптуулугун сактап, согушту колдоодон баш тартканы үчүн Германиянын нацисттик режимине коркунуч туудурат деген жаңылыш ойдон улам концлагерлерге камалган. Концлагерлерде Жахабанын Күбөлөрү төшүндө кызгылт көгүш үч бурчтук бар кийимдерди кийип жүрүүгө тийиш болушкан. Холокост учурунда жалпы жонунан австриялык 154 Жахабанын Күбөсү өмүрүнөн айрылган.

Эскерүү аземи болгонго чейин нацисттер тарабынан өлүм жазасына тартылган, Техельсбергден болгон беш Жахабанын Күбөсү (Йоганн Стоссиер, Антон Уран, Ср. Грегор Вольфархт, Жр. Грегор Вольфархт жана Уиллибалд Вольфархт) тарыхта так маалымат жок болгонуна байланыштуу аскердик мемориалга жазылган «дайынсыз жоголгондордун» тизмесине киргизилген. Профессор Питер Гстетнер эстеликтин канчалык маанилүү экенин мындай деп түшүндүрдү: «Бул эстелик адам кейпинен кеткен, мыкаачылык менен иш кылган адамдардын талабын аткаруудан эр жүрөктүк менен чечкиндүү түрдө баш тартып, Кудайга болгон ишеними күчтүү экенин далилдеген жана, акыры, жеңүүчүлөрдүн катарына кошулган адамдарды эч унутпай, эскерип жүрүш үчүн жасалды».

Техельсберг эстелиги Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттер тарабынан өлүм жазасына тартылган, камалган, мыкаачылык менен коштолгон мамилеге дуушар болгон 31 Жахабанын Күбөсүнө арналган. Эстеликте Франц Вольфархт (төмөнкү кутучаны карагыла) чыгарган ырдын үзүндүсү жана аскердик мемориалда «дайынсыз жоголгондордун» тизмесине кирген техельсбергддик беш Жахабанын Күбөсүнүн аты-жөнү жазылган.

Австриядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн өкүлү Иоганн Циммерман мындай деген: «Биз Жахабанын Күбөлөрүнүн катуу куугунтукка карабай, ишенимин бек сактап, эр жүрөктүүлүк көрсөткөнүн баса белгилеген ушундай азем өткөрүлгөнүнө чын жүрөктөн ыраазыбыз. Бул азем кайсы бир топко кирген адамдарды өкмөттүн коопсуздугуна коркунуч туудурат деп жаңылыш ойлоп алуу канчалык кесепеттүү экенин жана мыкаачылык менен коштолгон иштерге алып барарын баарынын эсине салат деп үмүттөнөбүз».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000

Австрия: Иоганн Циммерман, тел: +43-1-804-53-45

Германия: Вольфрам Слупина, тел: +49-6483-41-3110