Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 15-ОКТЯБРЬ
ГАИТИ

Гаитинин түндүгү жер титирөөдөн жабыркады

Гаитинин түндүгү жер титирөөдөн жабыркады

2018-жылдын 6-октябрында Гаитинин түндүк жагында күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө болгон. Андан 17 киши каза таап, 300дөн ашууну жаракат алган.

Ишенимдештерибизден эч ким каза болгон эмес, бирок эки жарчы жабыркаган. Райондук көзөмөлчүлөрдүн алгачкы билдирүүсүнө ылайык, ишенимдештерибиздин 44 үйү жана 4 Падышалык залы зыянга учураган. Порт-де-Пакс шаарында жашаган 50гө жакын бир тууган жана алардын үй-бүлөсү, үйү жашаганга кооптуу болуп калганына байланыштуу, башка жакка көчүрүлгөн. Аларга жергиликтүү жыйналыштагылар кам көрүүдө. Келтирилген зыянды аныкташ үчүн жана жабыр тарткандарды жубатып-бекемдеш үчүн Гаитидеги филиалдын комитетинин мүчөсү жергиликтүү долбоор/курулуш бөлүмүндө кызмат кылган эки бир тууган менен бирге кырсык болгон аймакка барган. Жапа чеккендерге зарыл жардам көрсөтүү иштерин уюштуруу үчүн Кырсык болгондо жардам берүү комитети түзүлгөн.

Биз Гаитидеги ишенимдештерибиз үчүн тиленип турабыз. Асмандагы мээримдүү Атабыздын берилген кызматчыларына сүйүүсүн көрсөтүп, сооротуп-жубатарын убада кылганына абдан ыраазыбыз (Забур 119:76).