Мазмунун көрсөтүү

Солдо: Украиналык бир тууганыбызды Штутгарттагы (Германия) ишенимдештери тосуп алып жатышат. Жогору жактын оң тарабы: Украинага гуманитардык жардам алып келген польшалык бир туугандарыбыз. Ылдый жактын оң тарабы: Бомбадан талкаланган имараттар

MARCH 16, 2022
УКРАИНА

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 3 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ, 3 | Украинадагы оор кырдаалда көрсөтүлүп жаткан бир туугандык сүйүү

Тилекке каршы, Мариуполь шаары бомбаланып жатканда эки ишенимдешибиз (эже-карындаштар) каза тапты. Учурда согуш күч алып жаткандыктан, 2 000ден ашык ишенимдешибиз шаардан чыгып кете албай жатат. Акыркы бир нече күндүн ичинде шаардан 150дөй бир тууганыбыз аман-эсен чыгып кетти. Кырсык болгондо жардам берүү комитетинде (КБЖБК) кызмат кылып жаткан бир туугандар Мариуполдогу ишенимдештерибизге зарыл нерселерди жеткиргенге аракет кылышкан. Бирок аскерлер алардын жана башкалардын гуманитардык жардам жүктөлгөн унааларына ок ачышкандыктан, кайра артка кайтканга аргасыз болушкан. Падышалык залы жана жыйындар залы жайгашкан жердин короосуна бомба түшкөн. Ошол тапта Падышалык залынын жер төлөсүндө 200дөй бир тууганыбыз бар болчу. Бактыга жараша, алар жабыр тартышкан жок. Бирок алардын унаалары жарактан чыгып калды. Ошонун айынан эми аларга шаардан чыгып кетүү кыйынга турат.

Мариуполдон үй-бүлөсү менен аман-эсен чыгып кеткен бир аксакал (төмөндөгү сүрөттө) мындай дейт: «Үйүбүздөн, жумушубуздан айрылдык. Досторубуз менен да байланыша албай калдык. Качып баратканда алты күн жол жүрдүк. Негизи, ал бир эле күндүк жол болчу. Шаардын сыртына чыгып, машине менен кетип баратканда жарылбай калган бомбадан чыккан коюу түтүндүн жолду каптап калганын көрдүк. Токтогон жерлерде ишенимдештерибиз курсагыбызды тойгузуп, түнөгөнгө жай таап берип жатышты. Мээримдүү Жахаба Атабыздын бизге кам көрүп жатканын кадимкидей сездик... Ага толугу менен таянганга ого бетер чечкиндүү болуп калдык».

Солдо: Мариуполдон аман-эсен чыгып кеткен жубайлар. Оңдо: Алар үйүнүн төрт чарчы болгон жер төлөсүндө сегиз күн баш калкалашкан

Украинадан качып чыккан Жахабанын Күбөлөрү баш маана издеп, Европанын ар кайсы өлкөлөрүнө кетип жатышат. Алсак, 7, 11, 16 жаштардагы үч баласы бар бир кызмат жардамчысы аялы менен Португалияга кеткен. Ал жакта алардын Жахабанын Күбөсү болгон туугандары жашайт. Алар 11 саат кезекте туруп чек арадан өткөндөн кийин дагы 4 000 чакырымдан ашуун жол жүрүшкөн. Ошентип, туугандарыныкына төрт күн дегенде араң жетишкен. Алар келгенде туугандарынын жыйналышы башталганы жатыптыр. Португал тилин билишпесе да, жыйналышка онлайн катышышкан. Ал үй-бүлө ошонусунан жазбай, рухий күн тартипке карманып келатат. Жыйналыштагылар алардын чоң кыйынчылыкты башынан өткөргөнүнө карабай күлүп-жайнап турганын көрүп, аябай таң калышкан.

Аман калыш үчүн Украинадан Португалияга качкан үй-бүлөнүн жыйналышка катышкандан кийин түшкөн сүрөтү. Алар 4 000 чакырымдан ашуун жолду басып өтүп, барар жерине төрт күндө жетишкен

Үй-бүлөсү менен Германияга качып кеткен бир ишенимдешибиз мындай дейт: «Ыйык Китепти окуу, жакшы нерселер, жаркын үмүтүбүз жөнүндө ой жүгүртүү кадыресе күч берип, ишенимибиз бекемделип жатат... Биз Жахабанын жетегин, бир туугандарыбыз аркылуу колдоп жатканын сезип жаттык. Адегенде Украинадагы, анан Венгриядагы, азыр болсо Германиядагы бир туугандарыбыз бизди кучак жайып тосуп алып, жардам беришти».

Ооба, Жахабанын Украинадагы боордошторубузга жардам берип жатканы айдан ачык (Забур 145:14).

2022-жылдын 16-мартына дейре Украинадан төмөнкүдөй билдирүү келди. Алар жергиликтүү ишенимдештерибиздин айткан маалыматына негизделет. Ошентсе да сандар билдирүүдө айтылгандан алда канча көп болушу мүмкүн. Анткени өлкөнүн айрым аймактарындагы ишенимдештерибиз менен байланышуу кыйынга туруп жатат.

Бир туугандарыбызга тийгизген таасири

  • 4 жарчы каза болду

  • 19 жарчы жаракат алды

  • 29 789 жарчы үйүн таштап, өлкөнүн коопсузураак жерлерине качууга аргасыз болду

  • 45 үй талкаланды

  • 84 үйдүн бир топ жери жабыркады

  • 366 үйдүн анча-мынча жери жабыркады

  • 16 Падышалык залы зыянга учурады

Жардам берүү иштери

  • Украинада 27 КБЖБК иштеп жатат

  • КБЖБК 20 981 жарчыга коопсузураак жерге коргологонго көмөк көрсөттү

  • 11 973 жарчы башка өлкөгө качып кеткенге мажбур болду. Аларга ал жактагы ишенимдештери жардам көрсөтүп жатышат