Мазмунун көрсөтүү

Атайын пионер Сантакумар Дануша (солдо) изилдөө өткөргөндө көрсөтмөлүү курал катары сүрөттөрдү колдонот. Шри-Ланкадагы Бейтелде кызмат кылган Модарагамагелердин (оңдо) үй-бүлөсүнүн кулагы укпаган кызыгуучусу менен видео байланыш аркылуу изилдөө өткөрүп жаткан учуру

6-МАЙ, 2020
ШРИ-ЛАНКА

Жаңдоо тилинде кабар айткан жарчылар үйдөн чыга албай калышканына карабай кызматын улантышууда

Жаңдоо тилинде кабар айткан жарчылар үйдөн чыга албай калышканына карабай кызматын улантышууда

СОVID-19 вирусунун жайылышына бөгөт коюу максатында Шри-Ланканын бийлик өкүлдөрү да бүтүндөй өлкө боюнча чектөөлөрдү киргизген. Жаңдоо тилиндеги топтордо кызмат кылган ишенимдештерибиз аларга баш ийгендиктен, кулагы начар уккан же такыр укпаган кишилерге кабар айтыш үчүн электрондук каражаттарды колдонуп жатышат.

Пионер болуп кызмат кылган Фернандо Виханга кат аркылуу кабар айтат. Кулагы укпагандар жазуу түрүндөгү текстти жакшы окуй албагандыктан, Виханга каттарында Ыйык Китептеги чындыктарды көбүнчө сүрөттөрдүн жардамы менен түшүндүрөт.

Кудайдын ысмы Жахаба экенин түшүндүрүү үчүн Виханганын сингал тилинде жазылган жана сүрөттөр тартылган каты

Читравелаутам Рози башында кулагы укпагандар менен изилдөөлөрдү видео байланыш аркылуу өткөрүү жакшы натыйжа береринен шектенген. Ал: «Мурун ошентип көргөнүмдө байланыш улам үзүлө берчү, ошондуктан менин эмне деп жатканым түшүнүксүз болуп калчу»,­— дейт. Анткен менен Рози пандемия учурунда кызматын токтотпош үчүн дагы бир жолу аракет кылып көрүүнү чечкен. Акыбети кайтып, ал үч изилдөө баштаган. Учурда кызыгуучулары видео байланыш аркылуу жыйналыштарга катышып жатышат.

2020-жылдын март айында чөмүлгөн Ширанти Нирошанын кулагы укпайт. Ал да видео байланыш аркылуу кабар айткан анча жакшы натыйжа бербейт деп кабатырлангандыктан, Жахабага кайрылып жардам сураган. Анан Эскерүүгө байланыштуу көмөкчү пионер болгусу келерин билдирип, арыз толтурган. Нироша кабар айткан көптөгөн кулагы укпаган адамдар Эскерүү кечесине катышып, айрымдары акыркы күндөрдүн белгилери жөнүндө көбүрөөк билгиси келерин айтышкан. Натыйжада жети изилдөө баштаган Нироша мындай дейт: «Кабар айткандан зор кубаныч алам. Үйдө камалып отурсак да, кабар айтканыбызды токтоткон жокпуз. Жахабанын эрки эч качан аткарылбай калбайт». Ал пионердик кызматын уланта берүүнү чечкен.

Шри-Ланкада ушундай сонун окуялар болуп жатканына кубанычтабыз. Бул кулагы начар уккан же такыр укпаган бир туугандарыбыздын Жахабанын ысмын даңктап жатышканын аркасында болуп жатат (Забур 113:1).